COVID-19 эсиңиздеби? Энени коргоо борборундагы 80дей медик мамлекет убадалаган кенемтени ала элек

COVID-19 эсиңиздеби? Энени коргоо борборундагы 80дей медик мамлекет убадалаган кенемтени ала элек

2020-жылы дүйнөгө жайылып, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган COVID-19 эсиңиздеби? Бүгүнкү күнү биз коронавирусту унутуп, өзүбүздүн жайбаракат турмушубузга кайтып келдик. Бирок коронавирустун арааны күч алып, ооруканаларда орун жок болуп, жакындарыбызга дары таппай кыйналган күндөр 3 жыл мурун гана болгон. Ошондо, адамга ажал алып келген оору менен күрөшүп, бейтаптарды караган дарыгерлер болгон эле. Ошол күндөрү дарыгерлерди биздин замандын чыныгы каармандары экенин айтканбыз. Бирок иш жүзүндө өткөн нерсе бат унутулат окшобойбу…

COVID-19ду эстеп жатканыбыздын себеби Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлери Reporter.kg’ге кайрылып, 2020-2021-жылдары кызыл зонада бейтаптарды карап иштеп жатканда коронавирус жуктурганын, бирок мамлекет убадалаган 75 миң сом компенсацияны ала албай калганын айтышты. Болжол менен кенемте албаган медицина кызматкерлеринин саны 80ди түзөт.

Атын атагысы келбеген медицина кызматкери кенемте ала албай жаткан 80дей адамдын атынан кайрылып жатканын билдирди. Анын айтымында, ал өзү коронавирусту 2021-жылы август айында кызыл зонада иштеп жатканда жуктуруп алган. 2021-жылдын октябрь айында бейтапкананын ошол учурдагы директору, коронавирус менен ооруп, кенемте ала элек кызматкерлерге «документтерди чогулткула, кенемте берилет» деген. Документтерди 2020-2021-жылы коронавирус менен ооруган 80дей кызматкер чогултуп беришкен.

Медиктин айтымында, алардын документтери Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жөнөтүлбөй эле, директордун иш бөлмөсүндө калып, кайра аларга кайтарылган.

«Тез арада чогулткула» деп документтерди жыйнатып алган. Документтердин баарын чогултуп бергенден кийин директор кайра баш тартып, буйрукка кол койбой койду. Себебин сурасак, «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду силерде киши көп экен, ооруну өзүңөр жуктуруп алгансыңар, санэпидемстанция силерге айып пул салат, кенемте берилбейт» деп койгонун айтты. Документтерин тапшырган кызматкерлерди чогултуп, жарымына жакынынан кенемтеден баш тартуу боюнча кагазга кол койдуруп алыптыр», — дейт ал.

Мамлекет убадалаган кенемтени ала албай жаткан медицина кызматкерлери акыркы үмүтү президентте экенин айтып, Садыр Жапаровдон бул маселени чечип берүүнү суранышты.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич биз COVID-19 учурунда кызыл зонада иштеп, оору жуктуруп алганбыз. Ошол кезде документтерибизди чогултуп, акчаларыбызды беришкен эмес. Ушул маселени карап, көңүл буруп коесузбу», — дейт алар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эмне дейт?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынан каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Тургунбековна билдиргендей, алар 2020-жылдан тарта 2022-жылдын 6 айына чейин комиссиядан өтүп, алардын кароосуна түшкөн документтер боюнча дарыгерлердин баарына кенемте беришкен. Кенемте коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда атайын бөлүнгөн каражаттын эсебинен төлөнгөн. Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлери кенемте албай калганы боюнча суроого так жооп берүү үчүн алардын аты-жөнүн билиши керек. Себеби, документтерди карап чыгып, алардын аты-жөнү фондго келген дарыгерлердин тизмесинде бар же жок экенин тактоо керек. Ошол эле учурда «кенемте ала албай калдык» деген Эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлери «жумуштан кетирет» деп кооптонгондуктан аттарын атабоону суранган.

«Бизге Жалдагы оорукананын жетекчилигинен кат түрүндө документтери менен тиркелген арыздар келген болсо, алардын баарына кенемте берилген. Бирок сиздерге кайрылган медицина кызматкерлери алардын катарында барбы же жокпу, биз билбейбиз», — дейт ал.

Бирок «убагында кенемте ала албай калган медиктерге азыр компенсация берилеби?» деген суроого мындайча жооп болду: «Азыр ал мөөнөт өткөн. Алар Саламаттык сактоо министрлигине арыз же оозеки түрүндө кайрылышы керек. Азыр (кенемте берүү үчүн бөлүнгөн) акча да жок. Ал атайын бөлүнгөн каражат болчу. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кенемте алуу үчүн бир жылдын ичинде документ тапшырып, кайрылууга укуктары бар болчу», — деди ал.

Кенемте пандемия учурунда киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу берилип, аталган абал 2022-жылдын 1-ноябрында алынгандан кийин компенсация берүү да токтотулган. Башкача айтканда, учурда кайсы бир дарыгер коронавирус менен ооруган бейтапты карап жатып, оору жуктуруп алса, ага кенемте берилбейт.

«Азыр кенемте төлөнбөйт. Анткени ошол кезде Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген. 2022-жылы өзгөчө кырдаал алынган. Өзгөчө кырдаал жок болгондуктан, андай төлөмдөр (кенемте) болбойт», — деп билдирди ал.

Фонддон билдиришкендей, дарыгерлер кенемте маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылууга укугу бар, бирок компенсация төлөө үчүн каражаттын бөлүнөрү күмөн. Себеби учурда каржылоо токтотулган.

Эскерте кетсек, 2020-жылы COVID-19 менен ооруган дарыгерлерге кенемте 200 миң сомго чейин берилип, 2021-жылы анын өлчөмү 75 миң сомго чейин түшүрүлгөн.

Өзүңөр сактанбадыңар! Кызыл зонада иштеген дарыгерлер бир жылдан бери компенсация ала элек

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>