COVID-19: соңку суткада 4 адам каза болуп, 440 кишиден тастыкталды

COVID-19: соңку суткада 4 адам каза болуп, 440 кишиден тастыкталды

Акыркы суткада 440 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билидиршит

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 109, Ош – 17, Чүй облусу – 162, Ош облусу — 24 , Талас облусу – 13, Нарын облусу – 14, Ысык-Көл облусу – 37, Жалал-Абад облусу – 39, Баткен облусу – 25.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 74 миң 373 адамга коронавирус жуккан, анын 66 миң 113ү сакайды.

Ал эми COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:Бишкек  – 1, Чүй облусу  – 1, Ысык-Көл облусу  – 1, Ош облусу  – 1.

Өлкө аймагында илдеттен жалпы 1 миң 285 адам көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>