Цементтин баасын көзөмөлдөө үчүн аны социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизүү сунушталууда

Цементтин баасын көзөмөлдөө үчүн аны социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизүү сунушталууда

Экономика жана коммерция министрлиги цементти социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизүүнү сунуштап, токтом долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Министрликтин маалыматында, социалдык мааниге ээ курулуш материалы болуп саналган цемент баасы мамлекет тарабынан жөнгө салууга мүмкүн боло турган социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген эмес. Ал эми цементтин баасына көзөмөлдүн жоктугу анын негизсиз кымбатташына, анын кесепети курулуштардын баасынын өсүшүнө алып келет, ошондой эле керектөөчүлөргө жана курулуш тармагындагы ишканаларга терс таасирин тийгизет.

«Цементти социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргизүү анын баасын мамлекеттик жөнгө салууну камсыздайт, курулуш рыногун турукташтырууга, курулуш иштеринин наркын төмөндөтүүгө жана калктын кеңири катмары үчүн турак-жайдын болушун камсыз кылууга жардам берет»,- деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>