Эрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиЧет элдиктерге жасалма медициналык маалым каттарды сатышкан. Бишкекте медкызматкер менен чет элдик жаран кармалдыСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Дагы бир курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
13.10.2023 | 14:12
«Эмарк Групп» жана «Бурана Гранд»курулуш компанияларынын негиздөөчүсү Чолпонбек Акматов кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардын сотунан ырасташты.
Бизнесмен 12-октябрда кармалып, 4-ноябрга чейин Бишкектеги №1 Тергөө абагына камалды.
Чолпонбек Акматов кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштырууга шектелүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин «Элит Хаус» компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев жана “Авангард Стиль” курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалган. Аларга дагы Кылмыш кодексинин 222-беренеси (кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштыруу) менен иш козголгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз