Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка жарлыгы менен Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз