Дайынсыз болуп жаткан Айгүл Жангирова изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Айгүл Жангирова изделүүдө

Чүйдө 3 айдан бери дайынсыз болуп 36 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Айгүл Жангирова 3-июнда үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

“Бою 160-165 см, чачы кара, ийинине жетип турат, көздөрү күрөң түстө. Ошол күнү сары көйнөк, чаар ала  шым, ак тапичкечен болгон.

Көргөн билгендер болсо, Токмок шаарынын милиция бөлүмүнүн (312) 60-73-63, 0(709) 07-21-56, 0(551) 10-27-53 номерлерине кабарлап коюусун өтүнөбүз” – деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>