Данияр Амангелдиев ИӨБ президенти менен Камбар-Ата 1 ГЭСин каржылоону талкуулады

Данияр Амангелдиев ИӨБ президенти менен Камбар-Ата 1 ГЭСин каржылоону талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Джассер менен жолукту. Жолугушуу ИӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында өттү.

Тараптар энергетика, инфраструктура жана турак жай тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Амангелдиев CASA-1000 долбоорундагы ийгиликтүү өнөктөштүктү белгилеп, Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу долбоор экенин баса белгиледи. Бул ири долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 2025-жылдын май айына чейин даяр болот.

Мындан тышкары, 2024-жылы кол коюлган 79 миллион долларлык жеткиликтүү турак жай долбоору боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды. Учурда ага жер бөлүү маселеси каралууда.

Кыргыз тарап долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу үчүн ИӨБ менен атайын техникалык топ түзүү демилгесин көтөрдү.

Өз кезегинде Мухаммед Аль-Джассер Кыргызстан менен көп тармактуу кызматташууга даяр экенин билдирип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө убада берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: минкаб

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>