Дастан Жапаров Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары — КР Мамкурулушу) директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, командага КР Мамкурулушунун жаңы орун басарын КР Президентинин Администрациясынын чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды.
Буга чейин Министрлер кабинетинин буйругу менен Бегалиев Алтынбек Чолпонбаевич Мамкурулуштун директорунун орун басары кызматынан бошотулган.
РЕЗЮМЕ
Жапаров Дастан Байрамбекович
Туулган жылы: 7-март, 1993-жыл
Билими: Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институту 2011-2016-ж
Эмгек ишмердүүлүгү: 2014-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасында кызматтарды аркалаган. 2022-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коррупциянын алдын алуу боюнча комиссары кызматын аркалаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз