Кыргызстандын экспорту 23,1% кыскарды

Кыргызстандын экспорту 23,1% кыскарды

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча ушул жылдын январь-октябрь айларында 9 миллиард 657,8 миллион долларды түздү. Өз ара сооданын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу быйыл 41,2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, экспорттук жеткирүүлөр 1 миллиард 860,8 миллион долларды түзүп, 2021-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 23,1%га азайды.
Импорттук киреше 2021-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу быйыл 1,8 эсеге өсүп, 7 миллиард 797 миллион долларды түздү.

Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 19,3%ды, импорт 80,7%ды түздү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода Кыргызстандын жалпы жүгүртүүсүнүн 39,6%ын, анын ичинде экспорт 67,8%, импорт 32,9% түздү.

Өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода 60,4%ды, анын ичинде экспортто 32,2%, импорт боюнча 67,1% түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>