Футбол боюнча «Мурас» турнири жыйынтыкталды

Футбол боюнча «Мурас» турнири жыйынтыкталды

Бишкек шаарында, 14-15-декабрь күндөрү өткөрүлгөн футбол боюнча үчүнчү «Мурас» достук турнири жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, беттештердин жыйынтыгы боюнча 1-орунду «Спорттук федерациялар» командасы алды. Аларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

«Президенттин командасы» командасы 2-орунду ээлеп, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Ал эми 3-орунду алган «Коопсуздук» командасына 200 миң сомдук сертификат ыйгарылды, 4-орун үчүн «Достук» командасына 100 миң сом тапшырылды.

Ошондой эле, 3 номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:

— «Спорт жылдыздары» командасынын оюнчусу Абдужалил Юнусов турнирдин мыкты дарбазачысы деп табылды;

— турнирде 7 гол киргизген «Спорттук федерациялар» командасынын оюнчусу Аскарбек уулу Эрали мыкты чабуулчу аталды;

— турнирдин мыкты оюнчусу деп «Достук» командасынын өкүлү Эмилбек Абсаматов таанылды.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы турнирдин демөөрчүлөрү болгон Кыргызстандын «BIGSER» спорттук товарларды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Быковскийге жана «Айко Сейко» компаниясынын башкы директору Кубан Жусуевге ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спортто жеңишти сатып алууга болбой турганын, демек, күчтүүлөр жеңишке жетээрин белгиледи.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы коомчулуктун суроо-талабына байланыштуу келерки жылдын жазында өтө турган турнирге 20 жаштан 40 жашка чейинки оюнчуларды командаларга киргизүү тапшырмасын бергенин белгиледи. Белгилей кетүүчү жагдай, «Мурас» турниринин жобосуна ылайык командаларга 40 жаштан жогорку оюнчулар гана киргизилген.

Садыр Жапаров белгилегендей, спорт ар бир адамдын жашоосунда болушу керек жана дени сак улут — дени сак мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи.

«Мурас» турнирин Кыргызстандын футбол союзу менен Президенттин Администрациясы биргелешип уюштурду. Бул жолку иш-чарада Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңеш, ата мекендик футболдун ардагерлери, дипломатиялык корпустун жана дин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын, диаспоралардын, облустардын жана шаарлардын жетекчилери, ооруканалардын башкы дарыгерлери, ЖОЖдордун ректорлору жана мектептердин директорлору, сот бийлигинин, маалымат жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү, бизнес жана маданият ишмерлери кирген 16 команда катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>