Кыргызстандын Улуттук банкы декабрь айында алгачкы валюталык интервенция жасап, 5,25 миллион долларды сатыкка чыгарды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кадам сомдун кунун кармап калуу үчүн жасалган.
2-декабрь саат 08:18ге карата доллардын расмий курсу 84.75 сомго бааланууда. Ал эми сатуу 84,9 сом.
Улуттук банк жыл башынан бери 28 жолу интервенция жасап жалпы 4 миллион 750 миң долларды сатыкка чыгарган.