Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын декларациясына ылайык, ал 2021-жылы 3 млн 540,1 миң сом киреше тапкан.
Ошол эле учурда декларацияда анын чыгашалары жана мүлкү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Эскерте кетсек, ал элчи кызматына 2021-жылы февраль айында дайындалган. Ага чейин, 2018-жылдан бери Жогорку Кеңеште депутат болуп келген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз