Прокуратура: Ошто айдоо жери мыйзамсыз берилип кеткен

Прокуратура: Ошто айдоо жери мыйзамсыз берилип кеткен

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө 0,42 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, облустук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүдө, 2018-жылы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ВЛКСМ участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,42 га жер тилкесин У.А. аттуу жаранга токтомду жасалмалоо аркылуу жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган. Андан кийин жогорудагы мыйзамсыз аракеттер улантылып, 2022-жылдын сентябрында жер тилке 7 бирдикке бөлүнүп, жогоруда аталган жарандын атына бул жер тилкелерине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар даярдалып берилген», — деп айтылат маалыматта.

Прокуратурадан белгилешкендей, 0,42 га жер жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиктен улам мамлекетке 15 млн 458 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарына карата Кылмыш кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>