Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылды
08.12.2025 | 17:47
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз авиа каттам ачылды. 2025-жылдын 7-декабрында Нью-Делидеги Индира Ганди атындагы аэропортто ата мекендик Tez Jet авиакомпаниясы аткарган Дели – Бишкек – Дели каттамынын ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышып, бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Каттамдар үзгүлтүксүз негизде жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат. Авиакомпания заманбап жана ыңгайлуу учактарды колдонууну убада кылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом