Дене тарбия академиясынын ректору пара менен кармалды

Дене тарбия академиясынын ректору пара менен кармалды

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саитдин Азизбаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аны менен бирге ортомчу болгон академиянын эки окутуучусу М.Ч.А жана Б.К.Т. дагы 1 миң доллар пара алып жаткан учурда колго түштү.

Коопсуздук комитетинин маалыматында, Саитдин Азизбаев жалпысынан жарандан 100 миң сом талап кылган. Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин узартуу үчүн пара сураган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: академия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>