Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери кармалды

УКМК Дене тарбия жана спорт департаментиндеги коррупциялык фактыларды аныктап, жооптуу кызматкерлерди кармады.
Маалыматка ылайык, департаменттин директорунун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси 2023-жылы «Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору» расмий түзүлө электе эле медициналык жабдууларды сатып ала баштаган.
Алар аффилирленген компания аркылуу 30 млн сомго баасы жогору көрсөтүлгөн, талаптарга жооп бербеген жабдыктарды сатып алышкан. Ал жабдуулар толук колдонулбай, кампада сакталып турган.
Жыйынтыгында мамлекетке 10 млн сомдон ашуун зыян келтирилгени такталды. Факт боюнча департаменттин директорунун орун басары, каржы бөлүмүнүн жетекчиси жана “Ф” ЖЧКсынын директору Т.Н.А. кармалды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.