Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Депутат 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштады
09.06.2022 | 13:57
Бүгүн, 9-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Свердлов шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштардагы кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунуштады.
Анын айтымында, кыздар чет өлкөгө ата-энеси менен гана чыгышы керек.
“Мигранттарыбыз боюнча маселе абдан көп. 18-20 жаштардагы кыздарды чет өлкөлөргө ата-энелери менен гана чыгарсак. Же болбосо турмушка чыккандан кийин гана чыгышы керек. Бул маселе боюнча Миграция жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү комитетке келип, бизге маалымат берсин. Бул боюнча мыйзамдарды карашыбыз зарыл”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом