Окуучунун өлүмү боюнча «Ала-Тоо» аквапаркынын өкүлү үн катты

Окуучунун өлүмү боюнча «Ала-Тоо» аквапаркынын өкүлү үн катты

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы 3-класстын окуучусунун каза болгондугу боюнча үн катты.

«Ала-Тоо» аквапаркынын өкүлү жана жактоочусу  Кайсын Абакировдун айтымында, алар жоокерчиликтен качышкан жок.

 «Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы жана жамааты 6-июнда бассейиндеги сууга түшүп жатып, кырсыктап каза болгон окуучу Атайдын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Дүйнөдө ата-эне үчүн баласын жоготуудан өткөн азап жок. Бул кайгылуу окуядан бери биздин дагы сиздер менен катар кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз тилинип турат.

Учурда бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Видео көзөмөл камераларындагы маалыматтарды тергөөчүлөргө өткөрүп бердик. Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана КРнын ИИМги тарабынан атайын комиссия өз ишин баштады.

Албетте, биз окуяга кайдыгер карабай, мусулмандык жана адамдык вазыйпабызды аткарып, кырсыктаган наристенин жайына барып, топурак салып, жакындарына моралдык жана материалдык колдоо көрсөттүк жана мындан ары да колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз.

Тилекке каршы, учурда социалдык тармактарда бул кырсыктын чын-төгүнүн билип-билбей жазган адамдар көбөйүп, коомчулукка туура эмес маалыматтарды тараткан жагдай жаралууда. Өз кезегинде биз өзүбүздүн моюнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайбыз жана тергөө менен кызматташууга даяр экендигибизди белгилейбиз.

Атайдын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга кайдыгер карабаган жарандардын тынчысздануусун туура кабыл алабыз”, — деп билдирди ал.

Буга чейин аквапаркта чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча түшүндүрмө берген. Бишкек шаардык мэриясы бул окуяга тиешеси бар делген 6 мугалим, башталгыч мектептин завучу иштен бошотулганын билдирген. Учурда милиция териштирүү иштерин улантууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>