Атамбаевдин үйүн мен конфискация кылган жокмун, — Жапаров

Атамбаевдин үйүн мен конфискация кылган жокмун, — Жапаров

Алмазбек Атамбаевдин үйүн мен конфискация кылган жокмун. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Би-Би-Си кызматына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин үйү Сооронбай Жээнбеков маалында, ал эми Курманбек Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон.

“Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет”, — деп билдирген президент.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июндагы буйругуна ылайык, Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке өткөрүлгөнү жана бул борбордо кары-картаңдар үчүн социалдык мекеме уюштуруу пландалып жатканы маалымдалган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>