Депутат: Апрелчилер үчүн салына турган ишкананы педофилия үчүн соттолгон адам жетектейт экен

Депутат: Апрелчилер үчүн салына турган ишкананы педофилия үчүн соттолгон адам жетектейт экен

Апрель баатырларынын туугандары үчүн салына турган ишкананы педофилия боюнча соттолгон адам жетектейт экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Ал Апрель революциясынын баатырларынын туугандарына ишкана курганга жер бөлүнгөнүн, аны педофилия үчүн соттолгон Усупбий Шеримбаев деген адам жетектей турганын айтты.

«Бул киши педофилия боюнча соттолгон. Өзүнүн тууганына кол салган. Мындай адамдар эч качан жетекчиликте болбош керек. Өзгөчө Апрель революциясынын баатырларынын төрүндө отурбаш керек. Аларга бийлик берсе, ал жактан жакшы нерсе чыкпайт»,  — дейт ал.

Депутат аталган адамда кызматтан алууну суранды. Анын айтымында, ишкананы апрель баатырларынын ичиндеги таза адам жетектеши керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Апрель элдик революциясынын баатырларынын туугандарына качкын президент Курманбек Бакиев фабрика куруп берери кабарланган. Президент Садыр Жапаров ал ишкана үчүн мамлекет жер бөлүп бергенин да билдирген.

Күн мурун Апрель революциясынын баатырларынын туугандары маалымат жыйын өткөрүп, Курманбек Бакиевден эч кандай ишкана салып берүүнү суранбаганын, фабрика курууну сурагандар бир ууч топ экенин, көпчүлүк Бакиевдин келишине, анын эл алдында актоого каршы экенин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>