Депутат: ар бир экинчи үй-бүлөдө 3-4 жаштагы сүйлөбөгөн балдар бар

Депутат: ар бир экинчи үй-бүлөдө 3-4 жаштагы сүйлөбөгөн балдар бар

Кыргызстанда ар бир экинчи үй-бүлөдө 3-4 жаштагы дагы эле сүйлөй элек балдар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.

Ал коммуникациялык бузулуусу бар балдарга көңүл бөлүүгө чакырып, бала бакчада логопеддин жана дене тарбия мугалиминин штатын ачууну сунуштады.

«Аутизм, алалия, синдром аспергера жана башка сүйлөөсү кечеңдегенге  байланыштуу илдеттер бар. Апалар бул боюнча интернеттен окуп, өз алдынча диагноз коюп алышат. Айыл жергесинде болсо баласын сүйлөрүн күтүп жашай беришет. Айрымдары шаарга келип, тигүүчү болуп иштеп, өзү жалгыз, эч бир колдоо жок, баласын дарылоо аракетин көрүп жүрүшөт. Бишкекте менчик логопеддин 40 мүнөттүк кабыл алуусу 700 -2 миң сомго чейин», — дейт Айсулуу Мамашева.

Депутаттын айтымында, айрым менчик клиникалар ата-энелердин капчыгын кагып алуу менен алек.

«Балага убагында жардам көрсөтүлсө ал сүйлөп кетет. Бирок адатта 5-6 жашында кайрылып жатышат. Адистердин жоктугунан психиатрга жөнөтүп, ал жерде барына акыл эси кем деген диагноз коюп жатышат. Бирок азыркы заманда аутизмди дагы дарылоого болот», — дейт ал.

Айсулуу Мамашева ар бир облуста логопедиялык мамлекеттик борбор ачуу зарылдыгын белгиледи.

«Эгер азыр иликтөө жүргүзүлсө, биз сүйлөй албаган бир муунду аныктайбыз жана убагында көңүл бөлбөсөк мындан глобалдуу проблемаларга алып келет», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>