Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
26 унаага бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилген
06.06.2024 | 16:20
«Toyota RAV 4» жана «Changan Uni-K» маркасындагы 26 автомобилге бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилип, колдонууга берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, унаалар «Торугарт» өткөрүү пунктунан өтүп, декларация ачылып, “Кант” кампасына багытталган. Текшерүү учурунда алар кампадан жок болуп чыкты. Унааларга тийиштүү төлөмдөрдү төкпөй эле колдонууга өткөн.
Аны менен мамлекетке 8,5 миллион сомго чыгым келтирилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом