Депутат Бакировдун кабинет чуусу жыйында кайра көтөрүлдү

Депутат Бакировдун кабинет чуусу жыйында кайра көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү дагы деле чечиле элек. Бул туурасында маалыматты парламент жыйынында депутат өзү билдирди.

Анын айтымында учурда тергөө тобун күтүп жатат. Ошол себептен кабинетине кире элек. Буга чейин кимдир бирөө Жогорку Кеңештин имаратынын 6-кабатындагы бир бөлмөнү бергендигин кабарлаган.  Бирок, анын кабинетин алмаштырууга эч кимдин акысы жок.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткет. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылганы боюнча депутаттык топ түзүлгөн. Депутаттык топ кабинетине калтыруу чечимин чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз


Өмүрбек Бакиров өзүнүн иш бөлмөсүндө калды. Комиссиянын чечими

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>