Россиялык депутат Казакстандан бизнес ачты

Россиялык депутат Казакстандан бизнес ачты

Россиялык депутат Олег Колташов Казакстанда Курган буудайын экспорттоо боюнча компания ачканын ura.ru билдирди.

«Казакстанда катталган туунду компания ачылып, активдүү иштеп жатат. Ал эларалык транзиттик тарифтин болгондугуна байланыштуу биздин аймак үчүн ушул убакка чейин жабылып келген дан эгиндерин Борбордук Азиянын базарларына сатып алуу жана сатуу менен алектенет», — деди Колташов жаңы долбоор тууралуу.

Басылма ишкердин элеваторлору жана дан кабыл алуу ишканасы бар экенин белгилейт. Колташов ошондой эле Курган облусттук думасынын депутаты.

Кеңсе Петропавловск шаарында ачылган, анткени ал Курган шаарына эң жакын.

«Сактагычтар менен  элеватордо сырье толуп калды. Базарлар учурда түшүмдү жетиштүү түрдө тез ташууну камсыз кыла албайт. Ошондуктан, Кургандык дыйкандар түшүмүн сактоодо кыйынчылыктарга туш болбошу үчүн жаңы багыт ачууга туура келди», — дейт Колташов.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>