Өмүрбек Бакиров өзүнүн иш бөлмөсүндө калды. Комиссиянын чечими

Өмүрбек Бакиров өзүнүн иш бөлмөсүндө калды. Комиссиянын чечими

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду 705-кабинетине калтыруу боюнча депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Ошондой эле депутаттын кабинетинен чыгаруу чечимин кабыл алган президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну да сунуштады.

Комиссия аны кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, бир катар мыйзамдарды, тактап айтканда, депутаттын кол тийбестигин бузган деп тапты.

Депутат  Гули Кожокулованын айтымында, депутат менен анын жардамчысы жок болгон учурда кабинеттин эшиги талкаланып, расмий документтер, дсп сыяктуу буюмдар чогултулган. Буга байланыштуу депутат Бакиров прокуратурага арыз жазган.

«Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Бакировдон Үсөнованын кечирим суроосун кабыл алууга даярбы деген суроо берилди. Ал каршы эмес экенин айтты. Бирок кечирим сураган жок», — деди Кожокулова.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, Өмүрбек Бакиров менен мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылганы боюнча депутаттык топ түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>