Депутат мектептерде араб тилин окутууну сунуштады

Депутат мектептерде араб тилин окутууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов мектептерде араб тилин окутууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декбарда парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйында Марипов мектептерде балдар орус, англис тилин окуп жатканын, университеттерди корей, кытай тили үйрөтүлүп жатканын сөз кылып, араб тилин мектептерде окутуу керектигин айтты.

«Араб тилин сөзсүз түрдө мектептерге киргизиш керек. Азыр жарандарыбыз араб өлкөлөрүнө барып окуп, мигранттар иштеп жатат. Араб тилин динден тышкары сабак кылып киргизүүнү сунуштайм, бул маселени карап көрүңүздөр», — деди ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсуров мектептерде араб тилин окутууга эч кандай чектөө жок экенин билдирди.

«Билим берүү министрлиги биз менен макулдашып, ал сабакта киргизе алат», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>