Депутат Өзгөн айланма жолу ачылышынан кийин кайра жабылганын билдирди

Депутат Өзгөн айланма жолу ачылышынан кийин кайра жабылганын билдирди

Ош облусунда салынган Өзгөн айланма жолу 6-декабрда ачылышы болгондон кийин кайра жабылды. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Ал жол президент, өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылганын, бирок кайра жабылганы туура эмес иш болгоннун айтты.

«Жума күнү Өзгөн айланма жолу салтанаттуу түрдө ачылды. Бирок ачылыш бүткөндөн кийин бетондорду коюп, жолду жаап коюшту. Бул Транспорт министрлигинин катачылыгы болду. Эгер эсептей турган аппараты иштебесе, бир жума, он күн акысыз иштетип турса болмок. Мен көп жылдан бери балык уулап келем. Балыкты кармаш үчүн бир аз жем чачып коет. Жок дегенде, айдоочуларды ошентип көндүрүп, сыноо иретинде иштетсе болмок. Президент, өкмөттүн баары катышкандан кийин жолду кайра жаап койгон туура эмес», — деди ал.

Эскерте кетсек, Өзгөндөгү айланма жолдун узундугу 13,49 чакырымды түзөт. Ал Кыргызстандагы биринчи акы төлөнүүчү жол болот. Аталган жолдон өтүү үчүн жеңил унаалар 200 сом, жүк ташыган чакан унаалар жана автобустар 350 сом жана жүк ташыган чоң унаалар 700 сом төлөйт.

Өзгөн айланма жолунан өтүү акысы канча сом болору белгилүү болду

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>