Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов селден жабыркаган тургундарга депутаттардын 5 күндүк айлыгын которууну сунуштады.
Анын айтымында, табыгый кырсыктан улам көптөгөн үй-бүлөлөр жабыркады.
“Өзгөчө Сузак районунун Барпы айылында жана Ош облусунун Алай районунда селдин кесепетинен улам жабыркагандардын саны арбын. ӨКМди карап отура бербей, депутаттар жок дегенде 5 күндүк айлыгыбызды которуп, каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштайм. Бул демилгени башка дагы мамлекеттик органдар да колдоого алышат деп ойлойм”, — деди депутат.