Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Депутат Шакиев: Ишсиз калган мигранттарды өзүбүздөгү курулуш компанияларга тартуу керек
10.03.2022 | 12:26
Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.
Алсак, депутат Нурланбек Шакиев Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалына токтолуп, бул жаатта чечкиндүү аракеттерди көрүү зарылчылыгын белгиледи: “Ишсиз калган эмгек мигранттарын өзүбүздөгү курулуш компанияларга тартуу маселесин чечүү керек”, – деди.
Ушундай эле көйгөйгө токтолгон эл өкүлү Эмил Токтошев мигранттарга колдоо көрсөтүү керектигин, анын ичинен аба каттамдарынын наркы жогорулаганын жүйө келтирип, Министрлер кабинетин аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом