Кыргыз-тажик чегинде куралдуу кагылышуу болду

Кыргыз-тажик чегинде куралдуу кагылышуу болду

Бүгүн, 10-март күнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу боюнча окуя болду. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 10:50 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Тескей аймагындагы чек аранын такталбаган тилкесинде нөөмөт учурунда Тажикстандын чек ара отряды тарабынан мурунку маршрутун колдонуп, чек араны кайтаруунун жаңы линиясына чыгып, Кыргызстандын  Чек ара кызматынын чек арачыларына аймактан чыгып кетүүнү талап кылган.

Бул окуядан соң тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр келди. Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн сан жагынан артыкчылыктарын пайдаланып, жаңы чек арага чыгууга аракет кылышты.

Бирок кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлерине ниетин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Натыйжада атышуу башталып, 10 мүнөттөй созулган. Кагылышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

Чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо телефондук сүйлөшүү болуп, анын жыйынтыгында чек ара өкүлдөрү келгенге чейин окуя болгон жерден чек ара отряддарын чыгаруу жана башка кошумча күчтөрдү жана каражаттарды киргизүүгө жол бербөө боюнча чечимдер кабыл алынган.

Саат 11:45ке карата эки өлкө  чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Чек ара кызматы Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкеси болуп санала тургандыгын, бирок аны кыргыз жарандары иш жүзүндө пайдаланып жатканын белгилейт.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>