Жогорку Кеңеште Канибадамдагы эки үй-бүлөнүн өлүмү тууралуу маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште Канибадамдагы эки үй-бүлөнүн өлүмү тууралуу маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүнкү жыйында Тажикстандын Канибадам районунда этникалык кыргыздардын үй-бүлөсү киши колдуу болгон окуя тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, мамлекетик органдар бул маселеге көңүл буруп, көзөмөлгө алышы керектигин билдирди.

«Эл аралык дипломатияны эске алып, (маркумдардын –ред.) туугандарына «тилиңерди тишиңерге катып тургула, мамлекетибиз бар» деп ичиндеги кайгысын тыйып турабыз. Тажикстандын Согди облусунун Канибадам районунун Жийделик айылында бир үй-бүлө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Ата-энеси каза болуп, үч бала томолой жетим калды. Туугандары кайрылып жатышат. Бирок мен «Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги бар, териштирүү болот» деп кармап турам. Бул маселеге катуу көңүл буруу керек. Муну териштирбесек болбойт! Үч баланын тагдыры эмне болот? Кыргызстанда алардан бир туугандары бар. Эң уулу агасы жетим калган балдарды «өзүм багып алам» деп жатат. Ушул үч баланын тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек. Бул маселеге дыкат мамиле жасайлы. Эл аралык, коңшулук мамиле деп азыр көп нерсени айта албайбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 29-майга караган түнү Тажикстандын Санджидзор айылында (кыргызча аталышы Жийделик) эки үй-бүлөдө алты адам өлтүрүлгөн. «Азаттыктын» тажик кызматы жазгандай, каза тапкан үй-бүлөнүн бирөө кыргыз улутундагылар, экинчиси тажик улутундагылар болгон.

Бул каргашалуу окуяда кыргыздардын үй-бүлөсүнөн 3 адам өмүрүнөн ажыраган: 54 жаштагы Зулхо Ибрагимова, анын 47 жаштагы иниси Абдуфаттох жана 46 жаштагы Курбангүл. Окуя түнү үйдө Абдуфаттох жана Курбангүл Иброхимованын үч баласы болгон, алар тирүү калган.

29-майдын түнүндөгү каргашада тажик үй-бүлөсүнөн да 3 адамдын – 38 жаштагы аялдын, анын 17 жана 14 жаштагы кыздарынын өмүрү кыйылган. Маркум аял айылдык ооруканада медайым болуп иштеген. Кыздары мектепте окуган. Аялдын күйөөсү Россияда эмгектенип жүргөн.

«Азаттыктын» тажик кызматы жазгандай, айылдын тургундары сүйлөшүү учурунда маркумдардын үйүнөн акча менен баалуу буюмдары жоголгонун айтышкан.

Окуя боюнча Тажикстандын укук коргоо органдары расмий маалымат берише элек.

Акыркы 4 айда эле Каннибадам аймагында кеминде 4 үй-бүлөнүн мүчөлөрү киши колдуу болгон. Алардын өлүмүнүн чоо-жайы белгисиз, ал эми кылмышкерлер кармала элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>