Соода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди БекешевКүнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек Жусупов
Кыргыз курамасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин “Локомотивди” жетектейт
06.06.2024 | 11:27
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин Ташкенттин “Локомотив” тобун жетектейт. Бул тууралуу “Фергана” порталы билдирди.
Александр Крестинин башка өлкөлөрдүн сунушун баш тартып, Өзбекстандын футбол клубун тандаган.
“Өзбекстандын чемпионатында күчтүү машыктыруучулар иштейт. Күчтүү курама тобу бар. Мен үчүн Өзбекстандын чемпионаты өзгөчө орунда болгондуктан башка сунуштарды четке кагып, атайын бул өлкөдө калдым”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Александр Крестинин 2014-2023-жылдары Кыргызстандын улуттук курама командасын машыктырган. Андан кийин өзбек «Бүнедкөр» клубунда иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт