Депутат Токтошев Токтогул суу сактагычында быйыл суунун көлөмү 2 млрд метр кубга аз экенин айтты

Депутат Токтошев Токтогул суу сактагычында быйыл суунун көлөмү 2 млрд метр кубга аз экенин айтты

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Эмил Токтошев кыш босогодо турганын айтып, Өкмөттүн даярдыгын сурады.

Ал Бишкек ЖЭБи, ӨКМ, Транспорт министрлиги кышка даяр болушу керектигин айтып, суукта чуркап иш кылып калбоону эскертти.

«Былтыр Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 млрд куб экен. Учурда 2 млрд метр кубга аз болуп турат. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү аз болгондуктан кышта электр жарыгы өчпөйбү деген тынчсыздануу бар», деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал кыштын камын кынттыксыз аткаруу тапшырмасын аткаруу бийлигине берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>