Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокеринин сабалышы боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алышы керек. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Ата-энелер балдарын мекенин коргоого жөнөтүшөт. Душман эмес, биз өзүбүз бири-бирибизди, жоокерлерибизди майып кылабыз. Башкы прокурор бул ишти колго алсын. Спикер, сиз дагы өзүңүз көзөмөлгө алыңыз”, — деди эл өкүлү.
31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Окуя жакындарынан жашырылган.
Белгилей кетсек, бул окуяга тиешеси бар 6 адам кызматынан алынды.