Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө 1,5 млрд сом бөлүнөт

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө 1,5 млрд сом бөлүнөт

Ушул убакка чейинки жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздөө жана башка жумуштардын аткарылышына 412,8 млн сом бөлүнүп берилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти.

“Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү иштерин өз күчүбүз менен баштоо максатында республикалык бюджет кайра каралып, болжол менен 1,5 млрд сомду бөлүүнү чечтик. Ал каражат ГЭСке баруучу транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирүүчү көпүрө, жогорку чыгалуудагы электр чубалгыларын алууга, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат”, — деди президент.

“Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>