Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болду
Депутат Токтошев жоокердин сабалышы боюнча: Башкы прокурор бул ишти өзү колго алсын
08.06.2022 | 11:42
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокеринин сабалышы боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алышы керек. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Ата-энелер балдарын мекенин коргоого жөнөтүшөт. Душман эмес, биз өзүбүз бири-бирибизди, жоокерлерибизди майып кылабыз. Башкы прокурор бул ишти колго алсын. Спикер, сиз дагы өзүңүз көзөмөлгө алыңыз”, – деди эл өкүлү.
31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Окуя жакындарынан жашырылган.
Белгилей кетсек, бул окуяга тиешеси бар 6 адам кызматынан алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом