Суу башында туруп электроэнергияны сатып алганыбыз уят, — Жапаров

Суу башында туруп электроэнергияны сатып алганыбыз уят, — Жапаров

Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу шарт.

“Энергетика чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү Коопсуздук кеңешинин жыйындарына алып чыгып, суу-энергетика маселелери талдоого алынып келе жатат. Мамлекет жетекчилиги энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алуу менен алдыга коюлган милдеттердин, тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө.

Буга чейин бизде чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу мүмкүнчүлүктөрү болуп турса дагы, андай мүмкүнчүлүктөргө маани берилбей, маани берилсе дагы туура нукта пайдаланылбай келген.

Эми өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон мөңгүлөр менен ири дарыяларыбызды энергетика жаатында артыкчылык катары туура пайдаланууну, Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылууну жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүүнү колго алабыз”, — деди С.Жапаров.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>