«Яндекс.Такси» компаниясы Кыргызстандын бюджетине дагы 5 млн доллар төлөшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Жыйында Акаев буга чейин Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин Кыргызстандын жетекчилигине айткан дооматтары олдоксон болгонун, ал «Яндекс.Таксинин» менджерлери берген бурмаланган маалыматтарга таянып билдирүү жасаганы болушу мүмкүн экенин айтты.
«Өткөн жумада ички чарбалык маселеге орус өкмөт башчысынын реакциясы кополураак болуп калды. Себеби бул жакта иштеген орус компаниялары, мисалы «Яндекс.Такси» сыяктуу, ошолордун менеджерлери, балким, орус өкмөтүнө туура эмес, бурмаланган маалыматтарды берип койгон болушу мүмкүн. Биринчиден Кыргызстанда бизнес ак-кара, жашыл-кызыл деп бөлүнбөйт. Түркиядан келеби, Орусияданбы, Кытайданбы, Япониядан келеби, баарына бирдей мамиле жасалат. Азыр мурдагыдай криминал деген жок. «Салык мыйзамдарына баш ий, болду иштей бер» деген тартип орногон. Салык мыйзамдарын аткарган компанияларга жол ачык, иштеп жатышат», — деди ал.
Депутаттын айтымында, «Яндекс.Такси» салыкты жашырып, бааны жасалма көтөргөнү аныкталып, өлкө бюджетине 100 млн сом төлөгөн. Дагы төгө турган 5 млн доллар акча калган.
«Экинчиден, ошол эле «Яндекс.Такси» боюнча бир канча депутат маселе көтөрдү. Анткени алар бааны жасалма көтөргөнү аныкталган. Айдоочулардан дээрлик 21%га чейин (комиссия — ред.) алып жатты. Кыргызстанда «Яндекс.Таксинин» 100 миңден ашык айдоочусу катталган. Экинчиден алар салыкты жашырган. УКМК, Салык кызматы алардын баарын далилдеп, «Яндекс.Такси» 100 млн сомдон ашык акчаны биздин бюджетке төлөдү. Менин маалыматым боюнча алар дагы 5 млн доллар төлөшү керек болчу. Мына ошондон качып, алар жанагындай чагымчылдык аракеттерин жасады», — дели ал.
Анын айтымында, Казакстанда «Яндекс.Такси» Санарипти өнүктүрүү фондуна эле колдоо катары 6,5 млн доллар берген.
«Мына биз сиздерде иштеп жатабыз, муну алып койгула, санарипти өнүктүрүүгө колдонгула» деп социалдык пакет катары берди. Бизде андай социалдык долбоорлорду өнүктүргөн жок да.
Алар иштедиби, иштеп жатат. Салыкты жашырды. Бааны жасалма көтөрдү. Калган каражатты бюджетке төлөшү керек», — деди ал.
Эскерте кетсек, 31-январда Алматыда Орусия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен болгон жолугушууда Кыргызстанда ак ниет иштеп, экономиканы өсүшүнө салым кошуп жаткан орусиялык компанияларга негизсиз дооматтар коюлуп жатканын айтып, өлкө жетекчилигин кысым көрсөтүүнү токтотууну суранган.
Мишустиндин айткандары Кыргызстанда кызуу талкуу жараткан. Мишустиндин билдирүүсү Кыргызстанда иштеп жаткан «Яндекс. Таксиге» байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылган.
Былтыр ноябрда УКМК «Яндекс.Такси» кеңселеринде тинтүү жүргүзүп, компания салыктан качкачын, айдоочулар үчүн пайыздык ченди негизсиз көтөрүп, ал баанын өсүшүнө түрткү бергенин билдирген.
«Яндекс.Такси» атайын кызматтан билдирүүсүн четке кагып, алар салыкты толук төлөп жатканын, айдоочулардан алынган комиссия 10-17% экенин билдирген.