Депутаттар ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөр туура пайдаланылбай жатканын сынга алды

Депутаттар ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөр туура пайдаланылбай жатканын сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев ЕАЭБге мүчөлүгүбүздөгү мүмкүнчүлүктөр туура пайдаланылбай жаткандыгы боюнча көз карашын билдирди. Бул тууралуу Жоргоку Кеңештин басма сөз кызматы жазды.

Депутат  Кыргызстандан эки эсе кичинекей мамлекет Арменияны мисалга тартып, алар ЕАЭБдеги  мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен өлкө экономикасында өнүгүүлөрүнүн көрсөткүчтөрүн тизмектеген.

Депутат Азизбек Турсунбаев ЕАЭБге мүчө болгонубузга 4 жылдын жүзү болгону менен дагы деле көп мүчүлүштүктөр болуп жатканына токтолду. Ал аткаруу бийлигине кайрылып, бул багытта мыйзамдарга түзөтүү киргизүү зарыл болсо, мыйзам долбоорлорун алып келүүгө үндөдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>