Кыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти
Депутаттарга iPhone эмнеге керек? Жооп…
30.09.2021 | 16:55
iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефон Кара-Көл шаардык кеңештин жыйынын, ишин чагылдыруу үчүн сатылып алынат. Бул туурасында Супер.kg порталына Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Чынтемир Буржуев билдирген.
iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү смартфондун баасы 99 900 сомдон интернет дүкөндөрдө сатылып жатат.
Кара-Көл шаардык кеңеши iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү смартфон сатып алуу боюнча жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.
Аны менен кошо Powerbankке, Apple түзмөктөрү үчүн стерео конденсатор микрофонун жана бул телефонго батарея алат. Жалпы 150 миң сом сарптаары маалымдалган.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат