Облустук прокуратура 12 млн сомдон ашык акчаны өлкөгө кайтарды

Облустук прокуратура 12 млн сомдон ашык акчаны өлкөгө кайтарды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жер казынасы жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 13 прокурордук акты, 2 доо арыз келтирилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 4 материал катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, келтирилген прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен мамлекеттин пайдасына 12 млн 494 миң 166 сом накталай акча түрүндө кайтарылган. Ошондой эле, азыркы күндө 126 млн 620 миң 355 сомду түзгөн зыян боюнча доо арыздар соттун кароосунда турат.

Бул маалыматтар Жалал-Абад облусунун прокурору У.Ибраим уулунун жетекчилиги алдында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешмесинин отурумунда айтылды.

Ошондой эле, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарына жогорудагыдай коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча комплекстүү иш-чараларды алып баруу жагы милдеттендирилди

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>