Унаа башкарып бара жаткан аялга кол көтөргөн жаран кармалды

Унаа башкарып бара жаткан аялга кол көтөргөн жаран кармалды

Бишкекте унаа башкарып бара жаткан аялга кол көтөргөн кишинин өздүгү такталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрда Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бул окуя боюнча шаар тургуну Д.О. укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз жаран менен айтыша кетип, эркек киши аны чапканын белгилеген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жабырлануучунун алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды, корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кол көтөргөнгө шектүү жаран 57 жаштагы Э.Н. экени аныкталып, ал тергөө кызматына жеткирилди. Учурда териштирүү иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде унаа башкарып бара жаткан аял менен эркек киши бири-бирине кол көтөргөн видео тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>