Медреседеги кыздар радикалдашып жатабы? Муфтият жооп берди

26.01.2024 | 11:23

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын билдирүүсүн четке какты.

Муфтияттын айтымында, 28 медреседе  кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Анда ашпозчу-кондитер, ширетүүчү, электромонтажник, тикмечи жана компьютердик сабаттуулукка үйрөтүлөт. Бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.

Муфтият диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндерге багытталганын белгилейт.

“2023-жылдан баштап атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин жыйынында депутат Динара Ашимова медреседе жалаң теология гана окутулуп, бүтүрүүчүлөр жумушка орношо албай жатканын айткан.

“Алар экстремисттик агымдар кошулуп жатышат. Бул кооптуу тенденция”, – деди эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top