Медреседеги кыздар радикалдашып жатабы? Муфтият жооп берди

Медреседеги кыздар радикалдашып жатабы? Муфтият жооп берди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын билдирүүсүн четке какты.

Муфтияттын айтымында, 28 медреседе  кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Анда ашпозчу-кондитер, ширетүүчү, электромонтажник, тикмечи жана компьютердик сабаттуулукка үйрөтүлөт. Бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.

Муфтият диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндерге багытталганын белгилейт.

“2023-жылдан баштап атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин жыйынында депутат Динара Ашимова медреседе жалаң теология гана окутулуп, бүтүрүүчүлөр жумушка орношо албай жатканын айткан.

“Алар экстремисттик агымдар кошулуп жатышат. Бул кооптуу тенденция”, — деди эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>