Баалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилериКыргызстандын түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркады
Директорлор сынагы: Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жарыяланды
24.08.2022 | 23:30
Аймактардагы мектеп директорлорун сынактык тандоонун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынактын жеңүүчүлөрүнө тизме бекитилди.
Ошондой эле директордун орду бош калган мектептердин тизмеси аныкталды. Кайрадан сынактык тандоо болот.
Тизмени бул жерден тапса болот.
Президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылына карата 966 мектеп директорлорун алмаштырууга тийиш болчу, анткени алардын иштегенине беш жылдан ашты. Бишкекте тестирлөө азырынча боло элек.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар