БУУ Украинадан каза тапкан кишилердин санын атады

БУУ Украинадан каза тапкан кишилердин санын атады

Украинада алты айда 5587 жайкын тургун согуштун курмандыгы болуп, 7890у жарадар болгон. Бул тууралуу БУУ жарыялаган маалыматта айтылат.

Уюм бул сандар, так эмес болуп калышы ыктымал дейт, анткени согуштук аймактардан алынган маалымат толук эместигин эскертүүдө.

БУУнун маалыматы боюнча, курман болгондордун жарымынан көбү Донбасста, Киевдин көзөмөлүндө калган аймактарда. Каза болгондордун жана жарадарлардын 90%дан ашыгы артиллериялык жана ракеталык чабуулдардын курмандыгы болду.

БУУдагы миграциялык кризис буга чейин Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң деп аталып келген. Алты айдын ичинде 10 миллиондон ашуун адам Украинадан чыгып кеткен, бул калктын дээрлик төрттөн бир бөлүгү.

Эл аралык Кызыл Крест сыяктуу гуманитардык уюмдар эбегейсиз кыйынчылыктарды баштан кечирип, кыштын келишинен чочулашууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Украина

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>