Борбордук шайлоо комиссия бюллетендер кайра саналып чыга турган шайлоо тилкелердин тизмеси жана графиги бекитти. Бул туурасындагы маалымат аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Добуштар санала турчу шайлоо тилкелер:
Ош облусу: Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары,
Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары,
Талас облусу: Манас, Талас округдары,
Чүй облсу: Ысык-Ата,
Нарын облусу: Кочкор
Ысык-Көл облусу: Ысык-Көл округу.
БШКнын графигине караганда, добуштарды кайра саноо 10-11-декабрда жүргүзүлөт. Ага партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар жана журналисттер катыша алат.
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуштар биринчи автоматтык эсептөөчү урнанын санагы менен, андан соң кол менен саналган. Жогорудагы шайлоо тилкелеринде айрым талапкерлердин күмөндүү жагдайларынан улам кайрадан кайталанып саналганы жатат.