Өспүрүмдөргө синтетикалык баңгизаттарды тараткан канал аныкталды

Өспүрүмдөргө синтетикалык баңгизаттарды тараткан канал аныкталды

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңги заттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, Кыргызстандан өспүрүмдөргө мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн. Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда (сейил бактар, аянттар, бак-дарактар) баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан.

Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна, алардын алыскы байланыш каражаттарын жана жашынма жерлерди колдонуусуна карабастан, УКМК органдары кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачууга жетишти.

Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>