Добуштар кайрадан санала турчу тилкелер аныкталды (ТИЗМЕ)

Добуштар кайрадан санала турчу тилкелер аныкталды (ТИЗМЕ)

Борбордук шайлоо комиссия бюллетендер кайра саналып чыга турган шайлоо тилкелердин тизмеси жана графиги бекитти. Бул туурасындагы маалымат аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Добуштар санала турчу шайлоо тилкелер:

Ош облусу: Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары,

Жалал-Абад облусу:  Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары,

Талас облусу:  Манас, Талас округдары,

Чүй облсу: Ысык-Ата,

Нарын облусу: Кочкор

Ысык-Көл облусу:  Ысык-Көл округу.

БШКнын графигине караганда, добуштарды кайра саноо 10-11-декабрда жүргүзүлөт. Ага партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар жана журналисттер катыша алат.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуштар биринчи автоматтык эсептөөчү урнанын санагы менен, андан соң кол менен саналган. Жогорудагы шайлоо тилкелеринде айрым талапкерлердин күмөндүү жагдайларынан улам кайрадан кайталанып саналганы жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>