Дональд Трамп Казакстанга келиши мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп Казакстанга жумушчу сапарынын ыктымалдыгын жарыялады. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүнү «эң сонун» деп баалады.
Трамп журналисттердин Борбор Азия боюнча берген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген:
«Казакстанга барышым толук мүмкүн. Президентиңизге салам айтыңыз. Ал жакшы адам», — деп билдирди.
Ал ошондой эле Касым-Жомарт Токаев менен баарлашканын жана ал оң маанайда өткөнүн белгилеп, «сонун маектешүү» болгонун кошумчалады. Бирок сүйлөшүүнүн маанисине комментарий берген жок.
Эске салсак, июль айында Касым-Жомарт Токаев Дональд Трампка кат жолдоп, Вашингтон казакстандык товарларга 25% алым киргизгенден кийин соода маселелери боюнча конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирген. Америкалык лидер бул чараны АКШ экономикасына жана улуттук коопсуздугуна «олуттуу коркунуч» келтирүүчү дисбалансты жоюу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда, АКШ Казакстан менен кызматташууну улантууга макул экенин баса белгилеген.